04:12 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (122)
84410

Микроавтобус Оштон Бишкекке багыт алган, бирок шаарга 50 чакырым алыстыкта кырсыктаган. Окуянын кесепетинен бир аял көз жумду.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Москва районуна караштуу Петровка айылында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобусту поезд коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 13-март күнү саат 19:34тө болгон. Маршрутканын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып жакындап калган поездди байкабай калган. Кырсыктын кесепетинен орто курактагы жүргүнчү аял мүрт кеткен. Ал эми 12 адам түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген.

  • Столкнулись поезд и маршрутка. ДТП произошло в Петровке 13 марта 2020 года
    Москва районуна караштуу Петровка айылында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобусту поезд коюп кетти
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
  • Столкнулись поезд и маршрутка. ДТП произошло в Петровке 13 марта 2020 года
    Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
  • Столкнулись поезд и маршрутка. ДТП произошло в Петровке 13 марта 2020 года
    Окуя 13-март күнү саат 19:34тө болгон
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
  • Столкнулись поезд и маршрутка. ДТП произошло в Петровке 13 марта 2020 года
    Маршрутканын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып жакындап калган поездди байкабай калган
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
1 / 4
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
Москва районуна караштуу Петровка айылында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобусту поезд коюп кетти

Сүрөттөн ӨКМдин бригадасы маршруткадан адамдарды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтарга караганда, микроавтобус Оштон чыгып Бишкекке келе жаткан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (122)

Тема боюнча

Таш-талканы чыгыптыр! Бишкектин чок ортосунда унаа бакты сүзүп кетти. Видео
Кара-Суу шаарында автоунаа оодарылып кетип, бир аял каза болду
Белгилер:
маршрутка, поезд, жол кырсык

ЭҢ МААНИЛҮҮ