Президент менен таанышмын дешкен. Бишкекте алдамчылар ири сумма менен кармалды

© AP Photo / Martin MejiaКол кишен кармаган ИИМ кызматкерлери. Архив
Кол кишен кармаган ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын бири президент жана анын айланасындагы адамдар менен жакшы тааныш экенин айтып, тендер маселесин чечип берүүнү убадалаган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында 250 миң доллар алып жаткан жеринен алдамчылар тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, колго түшкөн адамдар "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында жетекчилик кызматта иштеген жарандан Кара-Балта шаарындагы таза суунун түтүктөрүн алмаштыруу боюнча тендерди оң жакка чечип берүү үчүн 1 миллион доллар талап кылышкан. Кийин бул сумманы 250 миң долларга түшүрүшкөн.

"Кара-Кулжа районунун С.Ж., Жумгал районунун Ш.А., Чүй облусунун Н.С. аттуу тургундары 250 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. С.Ж. буга чейин соттолгон. Ал Кыргызстандын президенти менен жакшы мамиледе экенин айтып, "маселени чече алам" деп ишендирген", — дешти УКМКдан.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 204 ("Алдамчылык") жана 38-беренеси ("Кылмыш кылууга даярдануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0