10:51 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (37)
1014 0 0

ЖКККБнын алдын ала маалыматы боюнча, айдоочу мас абалында руль башкарып бараткан. Каза болгон аял 48 жашта болчу.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунун ГЭС-2 аймагында жол четинде турган аялды унаа коюп кетип, каза болду. Бул тууралуу күбө кабарлады.
Аталган кырсыктын видеосу Oppa.kg Instagram баракчасына жарыяланган. Кадрдан машина өтө катуу ылдамдык менен келип, жол четинде турган аялды ыргыта сүзгөнүн көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы бул кырсык кечээ, 9-мартта, саат 6.00 чамасында болгонун билдирди.

"Toyota Ist үлгүсүндөгү автоунааны 27 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Ал 48 жаштагы аялды коюп кеткен. Аял жеринде мерт болгон", — деп айтылат маалыматта.

Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу кармалып, Аламүдүн райондук милициясы ишти иликтеп жатат. ЖКККБнын алдын ала маалыматы боюнча, айдоочу мас абалында болгон.

Тема:
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (37)

Тема боюнча

Кайгуул милиция Бишкекте ичип алып рулга отурган 58 айдоочуну кармады
Тумшугу талкаланып, тепкичке "илинип" калды. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу
Белгилер:
айдоочу, милиция, мас, аял, жол кырсык

ЭҢ МААНИЛҮҮ