ИИМ: былтыртан бери Москвада изделип жаткан КР жараны жанын кыйганы аныкталды

© AFP / Federico Gambarini / dpaШаардын көчөсүндө басып жүргөн киши. Архив
Шаардын көчөсүндө басып жүргөн киши. Архив   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунан барган киши соңку ирет былтыркы жылдын август айында байланышка чыккан. Туугандары аны өз алдынча издеп таба алышкан эмес.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Былтыркы жылдан бери Москвада изделип жаткан Кыргызстандын жараны өзүнүн өмүрүн кыйганы жакында эле белгилүү болгонун ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө декабрдын башында 45 жаштагы аял кайрылып, 43 жаштагы күйөөсүн таап берүүнү өтүнгөн. Ош облусунан барган киши соңку ирет былтыркы жылдын август айында байланышка чыккан.

В Кара-Балте убили парня — подозреваемого задержали спустя 5 лет. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада киши колдуу болгон жигит. Шектүү 5 жылдан кийин кармалды
Ал 2011-жылдан тарта Москванын Бабушкин районунда убактылуу жашап, иштеп келген. Туугандары аны өз алдынча издеп таба алышкан эмес.

ИИМдин өкүлчүлүгү менен москвалык укук коргоо органдары тарабынан шаардын бардык жерлеринде издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле өлүкканалардан окшош белгилери боюнча карашкан.

24-октябрда кыргызстандыктын сөөгү Москва облусунун М-4 "Дон" унаа жолунун 20-чакырымынан табылганы белгилүү болду. Тергөө иштеринин натыйжасында анын өз өмүрүн кыйганы аныкталган. Сөөгү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жиберилип, андан кийин мамлекеттин эсебинен жерге беришкен.

5-мартта туугандары иштин материалдары менен таанышышкан. Эркек кишинин сөөгүн жерден каздырып, мекенине жиберүү пландалып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0