Бишкекте жөө адамды жол чийинден унаа коюп кетти. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Жерине Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору жөнөп кетти. Жабыркаган кишинин жаш курагы жана алган жаракаты азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкекте жөө адамдар өтө турган чийинден унаа кишини коюп кеткенин күбө билдирди.

Жеринен тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Кадрдан жөө адамдар өтө турган чийинде жабыркаган киши жатканын көрүүгө болот. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү ага жардам көрсөтүшүүдө.

Кайгуул милициясы жерине инспекторлор жөнөп кеткенин маалымдады. Киши кандай жаракат алгандыгы азырынча айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0