Жаш кызды сүзгөн айдоочу аны ооруканага алып бара жатып, жолдон түшүрүп салган

© Sputnik / Евгений БиятовЖолдон өтүп бараткан кыз. Архив
Жолдон өтүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16 жаштагы кыз ооруканага өзү кайрылып, дарыгерлер анын төшү жана тизеси жабыркаганын айтышкан. Кылмышка шектелген айдоочу кармалды.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаада эркек киши 16 жаштагы кызды автоунаа менен сүзүп кетип, аны ооруканага алып бара жатып, орто жолдон түшүрүп салган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Ош шаарында КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа 1-класстын окуучусун сүзүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Ошто КамАЗ сүзүп кеткен 1-класстын окуучусу каза болуп калды
Билдирмеге ылайык, жол кырсыгы 19-февраль күнү 15:30да болгон. Белгисиз айдоочу Гагарин көчөсү менен келе жатып, Купянский көчөсүнөн 16 жаштагы кызды сүзүп алган. Ал кызды ооруканага алып барарын айтып, автоунаасына отургузган. Бир аз айдаган соң кызды жол четине таштап, из жашырып кеткен.

Жабыркаган кыз ооруканага өзү кайрылып, дарыгерлер анын төшү жана тизеси жабыркаганын айтышкан. 4-март күнү кылмышка шектелип Honda Odissey үлгүсүндөгү автоунаанын 32 жаштагы айдоочусу кармалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Жол эрежелерин бузуу") боюнча иш козголгон.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0