Эки жыл башымды оорутту... Аялын өлтүргөн мыкаачы күйөөгө өкүм чыкты

© AFP / ROBYN BECKАялын түндө балта менен чапкылап өлтүргөн жаран
Аялын түндө балта менен чапкылап өлтүргөн жаран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Териштирүү маалында соттук-медициналык экспертиза келиндин мээси менен баш сөөгү катуу жабыркап каза болгондугун аныктаган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Аялын түндө балта менен чапкылап өлтүргөн жаран 14 жылга темир тор артында калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Сотто отурган шектүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Келин алабыз деп соттолуп кеткен күйөө менен куда-кудагый. Февралдагы өкүмдөр
Каргаша Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон. Тергөөчүлөр 52 жаштагы эркек көптөн бери чогуу жашап келген 43 жаштагы жубайын түндө балта менен башка койгулап өлтүргөндүгүн аныктаган. Сот отурумунда айыпталуучу кылганын толугу менен мойнуна алган.

"Аялымдын көзүн тазалайын деп базардан балта сатып келип, аны сарайга катып койгом. Эки жылдан бери башымды оорутту, телевизор көрсөм өчүрүп жиниме тие берчү. Окуя болгон күнү сыналгы көрүп атайын уктабай отургам. Түндө балам менен келинчегим уктаганын күтүп отуруп, таңкы саат 4.00дөр чамасында төшөктө жатканда башка үч-төрт жолу балта менен чаап жибергем. Эртең менен балам ойгонгондо кошунаныкына таштап кеткем. Кылган кылмышыма эч өкүнбөйм, мен аны мурун эле өлтүрөйүн деп жүргөм", — деп көрсөтмө берген ал.

Соттук-медициналык экспертиза келиндин мээси менен баш сөөгү катуу жабыркап каза болгондугун аныктаган.

Фемида өкүлдөрү мыкаачы эркекти 14 жылга эркинен ажыратты.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0