04:36 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (122)
233 0 0

Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок окуучунун кырсык болгон жерден эле үзүлгөнү айтылды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ош шаарында КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа 1-класстын окуучусун сүзүп кетип, бала эсине келбей каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, окуя 4-март күнү болжол менен түшкү саат 13:00дөр чамасында шаардагы Исхак Раззаков менен Уркуя Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"1-класстын окуучусу жол чырак кызыл болуп күйгөндөн кийин өткөн. Дал ушул учурда аны жүк ташуучу автоунаа коюп кеткен", — дешти Ош шаардык ЖКККБ өкүлдөрү.

Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок окуучу кырсык болгон жерден эле үзүлгөн. Учурда тиешелүү кызматтар окуянын келип чыгуу себебин иликтеп жатышат.

Ош шаардык милициянын маалымат кызматынын башчысы Замир Сыдыков мектеп окуучуларына бир ай бою жолдон өтүү эрежелери түшүндүрүлгөнүн айтты.

"Айрыкча башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелерине кайрылат элем. Балдарыңыздардын кайсы жол аркылуу мектепке барарына көңүл буруп, жолдо сак болуусун эскертип туруңуздар", — деди Сыдыков.

Бүгүн өлкөдө бир эмес, үч жол кырсыгы катталды. Анын биринде Бишкек шаарында автоунаа кемпирди сүзүп, аял ошол жерден каза болуп калган.

 

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (122)

Тема боюнча

Таңга жуук 67 жаштагы киши жолтандабасы менен бакты сүзүп каза тапты. Сүрөт
Өзгөндөгү автокырсыктан каза болгон жети адам жерге берилди
Белгилер:
камаз, жол кырсык, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ