Жалал-Абадда жер титиреди

Жазылуу
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир катар аймактарында сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.

Жер саат 15:18де титиреген.

"Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма жана Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0