04:37 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (83)
379 0 0

ЖКККББ жол кырсыгына автоинспекторлор күнөөлүү болушу мүмкүн деген маалыматты четке какты. Бирок мекеменин Чүй облусундагы жетекчиси кызматтык иликтөө жасоону тапшырган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 55-чакырымында үч унаа кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкекте аскерлер бараткан унаа дүкөндү сүзүп кетти
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, кечээ, 29-февралда, Mercedes-Benz кичи автобусу Honda Odyssey менен Toyota Mark II унааларын артынан келип коюп кеткен. Жабыркагандар болгон жок. Автокөлүктөр айып короого киргизилди.

Кырсыктан кийинки кадрлардан айдоочулар окуяга ЖКККББ кызматкерлерин күнөөлөп жатканын байкоого болот. Алардын  айтымында, автоинспекторлор унааны туура эмес жерге токтотушкан. Мекеме болсо айыптоону четке какты.

"Кадрларда кызматкерлер эмне күнөө кылганы көрүнбөсө дагы Чүй облусунун ЖКККБнын жетекчиси аталган факт боюнча кызматтык иликтөө баштоону тапшырды. Кызматкерлердин күнөөсү болсо жазаланат", — дешти мекеменин маалымат кызматынан.

ЖКККББнын билдиришинче, болжолдуу маалыматтар боюнча жол кырсыгынын катышуучулары тиешелүү аралыкты сакташкан эмес. Мекеменин кызматкерлери унаа кырсыктары көп болгон жерде алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышкан. Ошондой эле автоинспекторлор окуя катталган жерден 100 метр аралыктан эле көрүнүп турганын кошумчалашты.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (83)

Тема боюнча

Бишкекте жол чийинден тайгаланып жыгылган жигитти машина коюп кетти. Видео
Бишкекте болгон жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Сүрөт
Белгилер:
видео, инспектор, жол кырсык, унаа, ЖКККББ, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ