Бишкекте аскерлер бараткан унаа дүкөндү сүзүп кетти. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБишкекте аскерлер бараткан унаа дүкөндү сүзүп кетти
Бишкекте аскерлер бараткан унаа дүкөндү сүзүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, жол кырсыгы бүгүн, 29-февраль күнү, батыш автовокзалдын аймагында болгон.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Бишкекте аскерлер бараткан унаа кырсыктады. Бул тууралуу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Маалыматка караганда, батыш автовокзалынын аймагында жеңил унаа өз тилкесинен чыгып кеткендиктен дүкөндү сүзүп алган. Бул унаа аскерлерди алып бара жаткан.

Кайгуул милициясы окуя болгонун тастыктады. Жол кырсыгы бүгүн, 29-февралда, саат 08:00дөр чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0