Сокулукта жолдон чуркап өткөн жигитти унаа коюп кетти. Жеринен тартылган видео

© AFP / YURI CORTEZСокулукта унаа жөө адамды коюп кетти
Сокулукта унаа жөө адамды коюп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө адам жолдун ортосунан чуркап бара жатканда унаа коюп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден качкан эмес.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Сокулукта унаа жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Кадрдан трассада жаткан кишини жана анын жанында токтоп турган жолтандабасты көрүүгө болот.

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы окуя 28-февраль күнү эртең мененки саат 06:30дар чамасында болгонун маалымдады.

"24 жаштагы жигит жолдон чуркап өтүп баратканда унаа коюп кеткен. Айдоочу инспекторлордун келишин күтүп турган. Тийиштүү документтер толтурулду. Жөө адам оор жаракат алган эмес. Жабырлануучу менен айдоочу чыгымдарды өздөрү сүйлөшөт", — дешти милициядан.

Жабырлануучу ооруканага кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0