УКМК: Каракол шаардык кеңешинин депутаты жараксыз паспорт менен мандат алган

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту
Кыргыз Республикасынын паспорту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин депутаты Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айыпталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Каракол шаардык кеңештин 44 жаштагы Ч.Т. аттуу депутаты жараксыз паспортун колдонуп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 2016-жылдын февраль айында Ч.Т. Каракол шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына КСДПнын атынан депутаттыкка талапкерлигин коюп, тийиштүү документтерин берген. Алардын ичинде 2010-жылы Каракол шаарында каттоого алынган паспорту дагы болгон.

"Бирок ал 2012-жылдын ноябрь айында паспортун жаңыртып, 2016-жылдын февраль айына чейин колдонуп жүргөнү аныкталды. Ал Караколго катталган эски паспорту менен Каракол шаардык кеңешине мыйзамсыз негизде мандат алган", — дешти УКМКдан.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кармоо учуру - Sputnik Кыргызстан
Пара алууга шектелген Кара-Көл шаарынын судьясы кызматтан четтетилди
Ч.Т. Каракол шаардык кеңешине депутат болуп келгенге чейин Ак-Суу районуна караштуу Тепке айылдык кеңешинин депутаты болуп турган.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмү боюнча ("Паспортту мыйзамсыз негизде колдонуу") каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, 215 ("Кылмыш жолу менен алынган каражатты адалдоо") жана 321-беренелери ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча дагы тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0