Бишкек: мас болуп Lexus айдаган киши 24 миң сомдук айып пулга жыгылды

© Sputnik / Табылды КадырбековОплата автомобильного штрафа в КР
Оплата автомобильного штрафа в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара түстүү Lexus GX 470 каршы тараптан келе жаткан Honda Stepwgn автоунаасын сүзүп алган, андан соң артка берип качып кеткенге аракеттенип, анда дагы башкаларга кооптуулук жараткан.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бүгүн мас болуп Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде автоунааны сүзгөн Lexus GX 470 жолтандабастын айдоочусу 24 миң сомдук айыпка жыгылды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, окуя Сүйөркулов менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, видеосу тараган.

Кара түстүү Lexus GX 470 каршы тараптан келе жаткан Honda Stepwgn автоунаасын сүзүп алган, андан соң артка берип качып кеткенге аракеттенип, анда дагы башкаларга кооптуулук жараткан. Кийин качып кеткен.

Аны Кайгуул милициясы Бишкектеги 12-кичи райондон кармаган.

"Мас айдоочуга Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин 127- беренесинин 1.2 пункттарына ("Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу") жана 128 ("Транспорт каражатын мас болуп айдоо") беренелерине ылайык протоколдор толтурулуп, жалпысынан 24 000 сом айып салынды", — деп Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя 24-февралда болжол менен саат 14:40 чамасында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0