БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылында төрт автоунаа кагышты.
Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган.
Видеодон көрүнүп тургандай, жолдун кесилишинде үч автоунаа турат. Биринин бампери таптакыр эле талкаланып калган. Андан ары жакта турган жолтандабастын түркүктү сүзүп алгандыгын көрүүгө болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан маалыматты текшерип жатканын айтышты.