23:08 20 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.2050
  • EUR95.6676
  • RUB1.0441
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
590 0 0

Арыз жазган жигит милиционерлерге анын жанына мас кишилер келип, тапанча менен "атып салабыз" деп коркутушканын айтып берген.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкекте 19 жаштагы жигитке тапанча такап коркутууга шектелгендер кармалганын Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.

Буга чейин окуянын видеосу Oppa.kg аталышындагы Instagram-аккаунтка жүктөлгөн. Кадрдан эки киши чатакташа кеткенин, анын биринин колунда ок атуучу курал бар экендигин байкоого болот. Эркек кишилер бири-бирин түрткүлөп, андан кийин тапанчасы жогу павильонго кирип эшикти бекитип алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Видеонун алдына жазылган маалыматка ылайык, окуя 18-февраль күнү Көлбаев жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Коркуткан киши Жаза аткаруу кызматынын кызматкери болушу мүмкүндүгү айтылган. Бул маалымат такталып же четке кагылган дагы жок.

Кайгуул милициясынын айтымында, ошол күнү 102 кызматына жаш бала чалып, ага тапанча менен коркутуп жатышканын кабарлаган. Арыз жазган бала милиционерлерге анын жанына эки мас киши келип, "атып салабыз" дешкенин айтып берген.

Укук коргоо органдары тарабынан 26 жана 31 жаштагы шектүүлөр кармалган. Алардын биринин жанынан пневматикалык тапанча табышкан. Свердлов райондук ИИБи Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Тема боюнча

Тапанча такап карактаган. Бишкекте төрт шектүү колго түштү. Сүрөт
Бишкекте айт намазга тапанча менен бычак алып келгендер кармалды. Сүрөт
Белгилер:
коркутуу, тапанча, Кайгуул милициясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ