УКМК 50 миң сом пара алып жаткан "Ошэлектр" ишканасынын эки кызматкерин кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековБир миндик сом купюраларды берип жаткан убакытта. Архив
Бир миндик сом купюраларды берип жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, энергетиктер Ноокат районунун жашоочусунан электр энергиясын уурдаган деп 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Ошэлектр" ишканасынын кызматкерлери 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Арест подозреваемого в краже - Sputnik Кыргызстан
"Тазалыктын" башкы бухгалтери жана эки оператору камакка алынды
Ага ылайык, кечээ, 19-февралда, УКМК тарабынан Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. менен "Ошэлектр" ААКты текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. акча алып жаткан жеринен колго түшкөн.

УКМКнын айтымында, кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусунан электр энергиясын уурдаган деп 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-бөлүгү ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0