Жалал-Абадда жеңил унаа бензовозго урунуп, эки киши көз жумду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекти көздөй келе жаткан 49 жаштагы айдоочу автоунааны башкара албай калган. Ошол маалда каршы тилкеге чыгып кетип, алдыдагы күйүүчү май ташуучу унаага урунган.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда жол кырсыгы болуп, эки киши көз жумду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Последствия ДТП с участием трех машин в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жеңил унаа кичи автобустун алдына кирип кетти. Видео
Кырсык бүгүн, 19-февралда, саат 11.00 чамасында Бишкек — Ош жолунун 545-чакырымында, тагыраагы, Базар-Коргон районунда болду. Бишкекти көздөй келе жаткан 49 жаштагы айдоочу автоунааны башкара албай калган. Ошол маалда каршы тилкеге чыгып кетип, алдыдагы күйүүчү май ташуучу унаага урунган.
Ошол замат айдоочу менен 42 жаштагы жүргүнчү аял көз жумган. Ал эми 31 жаштагы аял менен өспүрүм жаракат алган, алардын ким экени такталып жатат.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0