14:59 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
270 0 0

Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр түнү бою алышкан. Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жана каза тапкандар жок экенин айтышты.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылындагы Сагындык атындагы орто мектеп күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.

  • Последствия пожара в здании школы в Кара-Кульджинском районе Ошской области
    Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылындагы Сагындык атындагы орто мектеп күйүп кеткенин ӨКМ билдирди
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Последствия пожара в здании школы в Кара-Кульджинском районе Ошской области
    Маалыматта мектептин жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метр экени айтылууда.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылындагы Сагындык атындагы орто мектеп күйүп кеткенин ӨКМ билдирди

Маалыматта мектептин жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метр экени айтылууда. Кырсык тууралуу маалымат 17-февраль күнү саат 23.53тө түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр үч мүнөттөн кийин окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Бирок ӨКМдин айтканы боюнча, жолго кар көчкү түшүп, 120 чакырымдык аралыкты 2,5 тонна суусу бар машина жети сааттай убакытта басып өткөн. Жалын эртең мененки саат 7.45те чектөөгө алынып, он мүнөттөн кийин толук өчүрүлгөн.

Министрликтен өрттөн эч ким жабыркабаганын белгилешти. Кырсыктын себеби жана келтирилген зыян такталып жатат.

Тема боюнча

Түндө Ысык-Көлдө кайрадан жер силкинди
Капкара дубалдар. Бишкектеги май сакталган жердин өрттөнгөндөн кийинки видеосу
Белгилер:
ӨКМ, өрт, мектеп, Кара-Кулжа

ЭҢ МААНИЛҮҮ