Төрт дөңгөлөгү асманды карап... Бишкекте көпүрөдөн кулаган автоунаанын видеосу

© AP Photo / Steve HelberДТП в Ричмонде
ДТП в Ричмонде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу менен жүргүнчүнүн Тез жардамдын кызматынан баш тартканы белгилүү болду. Кырсык бүгүн эртең менен болгон.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте көпүрөдөн автоунаа кулап, темир жолго түшүп калды.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

"ТЭЦтин жанындагы жаңы көпүрөдөн чыгып кеткен машина кулап, төрт дөңгөлөгү асманды карап калды", — деп айтылат маалыматта.

Автоунаанын ичиндегилер ооруканага баруудан баш тартканы белгилүү болду. Милициянын Кайгуул кызматы кырсык болгонун ырастады.

Жаңылыктар түрмөгү
0