"Тазалыктын" башкы бухгалтери жана эки оператору камакка алынды

Жазылуу
Аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен чогуу Бишкекте жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун өздөрүнө ыйгарып алып, коротушкан.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча УКМК "Тазалык" ишканасынын башкы бухгалтерин жана эки операторун колго түшүргөн.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2019-жылы "Тазалык" муниципалдык ишканасы 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттарын талон түрүндө сатып алып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган. Бирок аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен чогуу Бишкекте жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун өздөрүнө ыйгарып алып, коротушкан", — деп жазылат маалыматта.

Бул сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинини 3-бөлүмүнүн 2-пункту ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сот органдары тарабынан кармалган адамдарды эки айга үй камагына алуу чечими чыгарылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0