10:00 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (62)
831 0 0

Күбө арчаларды кыйратып, түркүктү сүзүп токтогон унааны видеого тартып алган. Алдын ала маалымат боюнча, 30 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте жеңил унаа түркүктү сүзүп, капталынан кулап калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 11-февралда, саат 15:30дар чамасында 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө (Түштүк Магистраль) болгон.

"Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, электр түркүгүн барып сүзгөн. Жабыркагандар жок", — дешти милициядан.

Жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (62)

Тема боюнча

Бишкекке жакын айланма жолдо милициянын унаасы кырсыктады. Видео
Бишкекте кырсыктаган маршрутка. Бир адам каза таап, үчөө жабыркады
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ