Көңүлдөшүнүн баласын уурдап кетип өлтүргөн аялга өкүм чыкты

© Фото / Pixabay / succoНазначение судей в КР
Назначение судей в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көңүлдөшүнүн 7 жаштагы баласын уурдап кетип өлтүргөн аялга өкүм чыкты.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Көңүлдөшүнүн баласын уурдап барып өлтүргөн келин 20 жылга темир артында калтырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, окуя Чүй облусундагы шаарлардын биринде болгон. Анда 52 жаштагы жубан бүлөлүү эркек менен жашап жүргөн. Кийин ал адамдын биринчи аялы Россиядан келет. Мындан улам айыпталып жаткан аял жубайлардын жети жаштагы баласын мектептен чыкканда уурдап кеткен.

Териштирүү маалында ал күнөөсүн толук мойнуна алганы айтылды.

"Окуя болгонго чейин Жеңиш менен бир жылдан ашык жашап жүргөм. Кийин анын аялы Россиядан келгенде ортобузда уруш-талаш чыгып, убакыт өткөндөн кийин ал аялым менен жашайм деп кетип калган. Ошондо эмне кыларымды билбей, анын баласын Бишкек шаарына алып келип, төртүнчү күнү кайра үйүнө алып бараткам. Жолдон аялы жана анын туугандары телефон чалып, уруша кеткем. Ошол маалда өзүм эмоцияга алдырып жибериптирмин, баланы эмне кылып, каякка таштап кеткенимди билбей калдым", — деп көрсөтмө берген.

Фемида өкүлдөрү аялды 20 жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0