Бишкекте 10500 жасалма евро сатууга аракет кылган киши кармалды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Шектүү абакка киргизилди.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынан А.С. аттуу киши жасалма 10 500 еврону сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБишкек шаарынан А.С. аттуу киши жасалма 10 500 еврону сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды
Бишкекте 10500 жасалма евро сатууга аракет кылган киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынан А.С. аттуу киши жасалма 10 500 еврону сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды

27 жаштагы шектүү 7-февралда колго түшкөн.

"Такталган маалымат боюнча, А.С. жасалма акчаны сатууну "К.Э.П." акча алмаштыруучу жайынын кассири менен биргеликте ишке ашырган", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөн киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0