09:29 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы чыр (21)
1502 0 0

Масанчи жана Сортөбе айылдарынын тургундары үйлөрүн таштап, кыштактардан чыгып кетишти. Учурда ал жакта электр жарыгы менен интернет жок.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Казакстандын массалык мушташ болгон Масанчи жана Сортөбе айылдары ээнсиреп калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Очередь из авто на границе Казахстана и Кыргызстана после беспорядков в Кордае
© Sputnik / Тимур Батыршин
Беспорядки в приграничном селе Масанчи

Маалыматка караганда, ушул тапта кыштактарда электр жарыгы да, интернет дагы жок.

Последствия беспорядков в приграничном селе Масанчи в Кордайском районе Жамбыльской области Казахстана
© Sputnik / Тимур Батыршин
Маалыматка караганда, ушул тапта кыштактарда электр жарыгы да, интернет дагы жок

Массалык мушташтан кийин аталган айылдардын 4 миңдей тургуну Кыргызстан тарапка өтө качканы айтылган.

Последствия беспорядков в приграничном селе Масанчи в Кордайском районе Жамбыльской области Казахстана
© Sputnik / Тимур Батыршин
Массалык мушташтан кийин аталган айылдардын 4 миңдей тургуну Кыргызстан тарапка өтө качканы айтылган

Жергиликтүү бийлик органдарынын билдирүүсү боюнча, 2009-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы менен Сортөбе айылында 14 миң киши, Масанчиде 13 миң киши жашачу.

Сотрудники полиции Казахстана близ сел Масанчи и Сортобе, где произошли беспорядки.
© Sputnik / Тимур Батыршин
Жергиликтүү бийлик органдарынын билдирүүсү боюнча 2009-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы менен Сортөбе айылында 14 миң киши, Масанчиде 13 миң киши жашачу

Масанчидеги мушташ

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан.
Башаламандыктан 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган.
Учурда абал көзөмөлгө алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштөөдө. Анда жалпы 47 адам кармалып, алардан эки аң уулоочу мылтык алынды.

Тема:
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы чыр (21)

Тема боюнча

Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү
Белгилер:
кесепет, абал, айыл, мушташ, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ