Бишкекке жакын айланма жолдо милициянын унаасы кырсыктады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников ДПС в Кыргызстане
Работа сотрудников ДПС в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККБдан билдиришкендей, милициянын унаасы маягын жандырып чакыруу түшкөн жерге бараткан. Окуя эки саат мурда ГЭС-5 району тарапта болгон.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкекке жакын айланма жолдо Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) унаасы кырсыктады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Окуя эки саат мурда ГЭС-5 району тарапта болгон. Жеринен тартылган видео Telegram-каналындагы “Короче” тайпасына жарыяланды.

ЖКККБдан билдиришкендей, милициянын унаасы маягын жандырып, чыгыштан батышты көздөй чакыруу түшкөн жерге бараткан. Жолдун четинен Honda Fit үлгүсүндөгү унаа катуу бурулган кезде аны менен кагышып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0