Бишкекте милиционермин деп чет элдиктен 8 миң доллар талап кылгандар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба с коррупцией в госорганах КР
Борьба с коррупцией в госорганах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурда ИИМге Түштүк Кореянын жараны кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн милиционермин деп тааныштырган адамдар 8 миң доллар талап кылышкан.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жаранга өздөрүн милиционермин деп тааныштырып, акча талап кылган эки киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

3-февралда ИИМдин ички иликтөө кызматына Түштүк Кореянын жараны кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн милиционермин деп тааныштырган адамдар андан 8 миң доллар талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"7-февралда талап кылынган сумманын 2 миң долларын алып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Саат 21:30да ИИМдин ички иликтөө кызматы менен тергөө кызматы атайын операция жүргүзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада алар Бишкектин тургундары экендиги белгилүү болгон.

"Болжолдуу маалыматтар боюнча, шектүүлөр чет элдикке өздөрүн милиционер катары тааныштырып, кызмат көрсөткөндүгү үчүн акча сурашкан", — деп айтылат билдирмеде.

Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда алардын баш коргоо чарасы тандалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0