Кыргыз-казак чектешкен аймактагы мушташ. 18 адам Токмоктогу ооруканага кайрылды

CC0 / Pixabay / Stefano FerrarioОбращение в травматологию
Обращение в травматологию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегиз адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп үйүнө жиберилген. Ал эми 10 киши ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Токмок аймактык ооруканасына түрдүү жаракаттарды алган 18 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, алардын бирөө Кыргызстандын жараны болсо, калган 17си Казакстандын жарандары.

Медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын айтымында, алар 7-февралдан 8-февралга караган түнү Кордай районунун Масанчи айылында болгон мушташта жаракат алышкан.

Протест перед посольством США в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы башаламандыкта канча адам каза болгону айтылды
Сегиз адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп үйүнө жиберилген. Ал эми 10 киши (Казакстандын жарандары) ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер бардыгынын абалы орто экендигин маалымдашты.

Учурда аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Кечээ күнү, 7-февралда, Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан. Жыйынтыгында эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0