Токмокко жакын жердеги Казакстандын эки айылында мушташ болду

© Фото / Pixabay/ RepublicaКолунда сойул кармаган адам. Архив
Колунда сойул кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган эки окуя боюнча жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери сотко чейинки тергөө иштерин баштады. Бийлик өкүлдөрү расмий гана маалыматка ишенип, туура эмес билдирүүлөрдү интернет аркылуу таратпоону эскертти.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Аймактык полиция департаментинин маалыматына ылайык, аталган окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

"Полиция чыр-чатакты токтотуп, укук коргоо органдары абалды көзөмөлдөп жатат", — деп мекемеден билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от jasstar (@jas_star.kz)

Учурда ал окуяга тиешелүүлөрдү аныктоо аракеттери жүрүүдө. Коңшу өлкөнүн мыйзамы боюнча шектүүлөр ири көлөмдө айыпка жыгылат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бийлик өкүлдөрү расмий гана маалыматка ишенип, туура эмес билдирүүлөрдү интернет аркылуу таратпоону эскертти.

Ошол күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык автоунаасына таш ыргыткан.

Коомдук тартипти бузган эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0