Издөөдөгү ага-ини: биринин сөөгү Орто-Сайдагы флагштоктун жанынан табылды

© Фото / Михаил ДудинГора Боз-Болток близ Бишкека
Гора Боз-Болток близ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
51 жаштагы Канат Асанов 9-январь күнү жоголгон. Бир аптадан кийин анын иниси Кубат Асанов дайынын билдирбей кеткен. Туугандары ал агасын издөөгө кеткен деп божомолдоп жаткан.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектин түштүгүндөгү Орто-Сай айылындагы флагштоктун жанынан буга чейин изделип жаткан бир туугандардын бири, 47 жаштагы Кубат Асановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине маркумдун жакындары кабарлады.

Убийство в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиция: Токтогулда бир колун жаныбарлар жеп кеткен кишинин сөөгү табылды
Эске салсак, өткөн айда Бишкекте 51 жана 47 жаштагы ага-ини дайынсыз жоголуп, изделип жаткан. Маалыматка караганда, алгач 51 жаштагы Канат Асанов жоголгон. Ал 2020-жылдын 9-январында саат 18.00дөр чамасында Ынтымак жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал эми иниси Кубат Асанов ушул эле жылдын 15-январында Заречное айылынан бир тууганын издөөгө кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткан.

Аламүдүн райондук милициясынан сөөк 6-февраль күнү саат 18.50дө табылганын тастыкташты.

Канат Асановду өздөө иштери уланууда. Анын өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык чырай, чачын ак баскан. Көз айнек тагынат. Үстүнө көк түстөгү капюшону бар куртка, кара шым жана кара бут кийимчен. 

© Фото / предоставлено родными пропавшихЖоголуп кеткен Канат Асанов
Издөөдөгү ага-ини: биринин сөөгү Орто-Сайдагы флагштоктун жанынан табылды - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кеткен Канат Асанов

Ал тууралуу көрүп-билгендер 0 (755) 07-47-20, 0 (551) 12-42-19 жана 0 (706) 98-99-84 номерлерине кабарлап койсо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0