Табышып койгула! Аэропорттон уурулук кылды делген кишинин видеосу жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Международного аэропорта "Манас"
Деятельность Международного аэропорта Манас  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү видеобайкоого түшүп калган. Милиция "Уурулук" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, издөө иштерин аткарууда.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Милиция "Манас" аэропортунда уурулук жасоого шектелген адамды табышып коюуну суранат. 

© Фото / Пресс-служба МВД КР"Манас" аэропортунда уурулук жасоого шектелген адам
Табышып койгула! Аэропорттон уурулук кылды делген кишинин видеосу жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунда уурулук жасоого шектелген адам

ИИМден билдиришкендей, кылмыш фактысы өткөн жылдын 13-ноябрында катталган.

"Т.У. аттуу жүргүнчү металлодетектордон өтүп жаткан кезде өзүнүн жеке буюмун унутуп кеткен. Бир нече убакыттан кийин көзөмөлдөн өтүп жаткан башка киши ал буюмду көрүп калып алып койгон", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Уурулук" беренеси боюнча каттоого алынган.

Милиция шектүүнү көргөн-билгендер болсо 0 (312) 69-35-35, 0 (555) 65-11-88 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0