БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бүгүн, 5-февралга караган түнү, Махатма Ганди көчөсүндөгү үч кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 12 адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, саат 01:50дө окуя болгон жерге Өрт өчүрүү кызматы барган. Жалын толугу менен 04:16да өчүрүлгөн. Ага жалпысынан үч унаа тартылган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, экинчи кабаттагы 40 чарчы метрлик бөлмө жана андагы тиричилик шаймандары күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталып жатканы айтылды.