00:32 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (115)
46301

4-февраль күнү маркумдардын сөөгү Большевик айылында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу Садык Эшматов орто мектебинин короосунда өттү.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өзгөн районундагы жол кырсыгынан каза болгон жети адамдын аты-жөнү аныкталып, андан соң жерге берилди. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматынан билдирди.

Милиция маркумдардын улуусу 46 жашта болсо, кичүүсү 27 жашта экендигин айтты.

Кечээ таңда Өзгөн районунун Мырзаке айылында Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Автоунаада бараткан жети эркек кишинин бири да аман калган эмес.

Алар 2-февраль күнү Большевик айылынан Өзгөн шаарына улакка баруу үчүн коомдук транспорт менен кетип, үйлөрүнө кайтып бара жатканда кырсыкка учурашкан.

Бүгүн, 4-февраль күнү, маркумдардын сөөгү өздөрү жашаган Большевик айылында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу Садык Эшматов орто мектебинин короосунда өткөрүлдү.

Тажияга жергиликтүү бийлик жана каза болгондордун жакындары менен айылдаштары катышты.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (115)

Тема боюнча

Бишкекте 78 жаштагы кемпирди маршрутка коюп каза тапты
Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу эки адамды коюп кетти, бири оор абалда
Улактан келе жатышкан... Өзгөндө 7 киши күйүп кеткен жол кырсыгынын чоо-жайы
Белгилер:
жерге берүү, өлүм, кырсык, Мырзаке, Өзгөн, Ош облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ