Прокуратура өлкөдө 3000ден ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин аныктады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВесенне-полевые работы в Новосибирской области
Весенне-полевые работы в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекетке кайтарылган жерлердин арасында Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 60,1 миллион сомго бааланган 3,81 гектар жер тилкеси да бар.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өткөн жылы прокуратура кызматкерлери жер маселесине байланышкан 1140 текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузулган 3035 учурду аныктады. Бул туурасында Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүдө жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө сатуу жана алуу, жер салыгына төлөөдө негизсиз жеңилдиктер берилгени белгилүү болгон. Ошондой эле прокуратура тарабынан 1517 акт толтурулуп, 274 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.

"Жеке менчикке жана юридикалык тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен 81 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Анын жалпы аянты 327,2 гектарды түзөт. Мисалы, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 60,1 миллион сомго бааланган 3,81 гектар жер мамлекеттин менчигине алынды. Аны жергиликтүү органдар Жер кодексинин талаптарын бузуу менен "Лазурный берег" ЖЧКсына сатып жиберген. Ал эми Сузактын Атабеков айыл өкмөтүнүн чечими менен 2004-жылы "А-Дильмурад" дыйкан чарбасына өтүп кеткен 8,2 гектар (баасы 41,2) жер кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, прокуратура тарабынан мыйзамсыз берилген жерлерди мамлекеттин балансына алуу боюнча 575 фактыны соттук териштирүүгө жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0