УКМК Аламүдүн районунда сот аткаруучуну пара алып жаткан жеринен кармады

© AP Photo / Moises CastilloКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 30-январда, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 38 жаштагы Н.Т. аттуу сот аткаруучу иш бөлмөсүнөн колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Сот аткаруу кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн өкүлү пара алып жатып кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 30-январда, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 37 жаштагы Н.Т. аттуу сот аткаруучу иш бөлмөсүнөн кармалган.

"Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып Ч.у.Э. аттуу жарандан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0