Баткендин чек ара башкармалыгында эки млн. сомдук кубаттагычтар жоголду

© Sputnik / Mikhail Voskresensky / Медиабанкка өтүүКүндөн заряд алуучу кубаттагычтар. Архив
Күндөн заряд алуучу кубаттагычтар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы баасы 1 миллион 750 миң сомдук кубаттагычтарды сатууга шектелип чек ара кызматкери кармалганын кабарлады.

ОШ, 26-янв. – Sputnik. Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы эки миллион сомго жакын күндөн заряд алуучу кубаттагычтардын жоголгону аныкталып, териштирүү иштери башталды. Маалыматты Чек ара кызматынын маалымат катчысы Асылкерим Ажиев тастыктады.

Ош: жаңыланган от казандар абалга аралжы боло албай жатканы мэрдин жинин келтирди - Sputnik Кыргызстан
Оштун мурдагы мэри Кадырбаевдин иниси токмоктолуп, ооруканага түштү
Билдирүүгө ылайык, буга чейин аталган жабдыктар электр жарыгы өчкөндө радиостанцияларды кубаттоо үчүн колдонулуп келген.

Ажиевдин айтымында, 2020-жылдын январь айында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин тапшырмасы менен аскер бөлүктөрдө жана бирикмелерде текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Баткен облусунун чек ара башкармалыгында кубаттагычтардын жетишпестиги аныкталган.

"Аталган факты боюнча материалдар Баткен облусу боюнча Аскер прокуратурасына өткөрүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", — деди Ажиев.

Облустук Аскер прокуратурасынан бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтышты.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы баасы 1 миллион 750 миң сомдук кубаттагычтарды сатууга шектелип чек ара кызматкери кармалганын, учурда шектүүгө карата өткөрүлүп берилген нерсени өз кызыкчылыгына пайдалануу жана шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0