Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт

© AFP / NOEL CELISУровень жизни в Маниле
Уровень жизни в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энеси ажырашып кеткен наристелер таенесинин үйүндө жашап келген. Милиция кызматкерлери ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу боюнча социалдык коргоо башкармалыгына сунуш беришти.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ошто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар милициясынын маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОшто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү
Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ошто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү

Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, балдарды кайыр суроого таенеси чыгарган. Наристелерди Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тилемчилик кылып отурган жеринен табышкан. 

© Фото / Зульфия ТургуноваЭки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.
Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.
"Иликтөө балдардын ата-энеси ажырашып кеткенин көрсөттү. Балдар Ноокат шаарынан келип, Кара-Суудагы таенесинин үйүндө жүрүшкөн. Бөбөктөрдү тилемчилик кылууга таенеси чыгарган. Териштирүү маалында бүлөнүн жашоо шарты начар экени аныкталды. Балдар эч жерде билим алышпайт. Ушул тапта социалдык коргоо башкармалыгына ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу сунушу берилди", — деп айтылат маалыматта.

Эки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0