Тажикстандагы 6 баллга жеткен жер титирөө Ошто да сезилди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын кээ бир аймактарында 4 баллга жеткени айтылды. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Тажикстанда бүгүн, 24-январда, күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталгандыгын ӨКМден кабарлашты.

Жердин саат 13:09да силкингени айтылды.

"Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0