Дайынсыз жоголгон дагы бир кыргызстандык аял Москванын абагынан табылды

© © Sputnik  / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей
Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1988-жылы Ош облусунда төрөлгөн аял акыркы ирет 21-декабрда байланышка чыгып, ошону менен дайын-дареги жок болуп жаткан.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 32 жаштагы кыргызстандык аял Москвадагы абактан табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2020-жылдын январь айында КРдин Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө мекендештер кайрылып, 1988-жылы төрөлгөн тууганы жоголуп кеткенин кабарлашкан. Алар аял акыркы жолу 2019-жылдын 21-декабрында байланышка чыкканын билдиришкен.

"Издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада аял Москва шаарындагы тергөө абагынан табылды. Ал 2019-жылдын 21-декабрында гипермаркеттердин биринен уурулук кылууга аракет кылган деп шектелип, полиция тарабынан кармалганы аныкталды. Ага карата "Уурулук кылууга аракет жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон", — дешти ИИМден.

Учурда туугандары бул боюнча кабардар болуп, юридикалык кеңеш алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин дайынсыз жоголгон чүйлүк кыз дагы Москвадагы абактан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0