21:47 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
277 0 0

Чет элдик жаран камакка алынып, кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ошто чет элдик жаран 500 доллар суммасындагы жасалма акча менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Фальшивые долларовые купюры обнаруженные оперативниками МРУ СКМ МВД у гражданина одной из соседних республик
© Фото / пресс-служба МВД
Ошто чет элдик жаран 500 доллар суммасындагы жасалма акча менен кармалды

Билдирүүдө январь айынын башында ири өлчөмдөгү жасалма акчаны таратууга белсенип жаткан кылмыштуу топтун аракети тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Ал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

"Январь айынын орто ченинде Ошто коңшу өлкөнүн 30 жаштагы Б.З. аттуу жараны жасалма акчаны сатып жаткан жеринен кармалды. Аны тинтүү учурунда 100 доллар номиналындагы беш купюра табылды. Банкноталарды бут кийимине катып койгон. Экспертизанын натыйжасында купюралар жасалма болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Соттун чечими менен чет элдик жаран камакка алынды. Кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.

Ал арада Бишкекте дагы жасалмаланган 30 миң еврону Түркиядан алып келген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Тема боюнча

Саймаити чуусу: Улуттук банк шектүү акча которуулар тууралуу 14 жолу кабарлаган
2000 сомдук жасалма купюра менен соода кылгандар кармалды. Сүрөт
Белгилер:
кылмыш, милиция, кармоо, жасалма акча, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ