Сузакта 34 жаштагы келин эки уулу менен иске ууланып каза болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОт. Архив
От. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй ээси Москвада иштеп жүргөн. Телефон чалып, эч ким менен сүйлөшө албай койгондуктан, кошуналары менен байланышкан.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылында 34 жаштагы келин эки уулу менен көмүрдүн исине ууланып каза болду. Маалыматты район акиминин орун басары Лола Адиева ырастады.

Анын айтымында, балдардын улуусу 7, кичүүсү 5 жашта болгон. Келиндин күйөөсү Москва шаарында иштеп жүргөнү, келин балдары менен үйдө жалгыз экени белгилүү болду.

"19-январда күйөөсү телефон чалган. Эч ким жооп бербегендиктен 21-январда кошуналары менен байланышкан. Алар үйгө барып, үчөөнүн каза болуп калганын көрүшкөн", — деди Алиева.

Балдардын апасы айылдагы мектепте санитардык кызматкер болуп иштечү.

Маркумдардын сөөгү бүгүн жерге берилди.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги ис уруудан кантип сактануу керектиги тууралуу материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0