Бишкекте дарыгерди кагып-силкип жаткан дагы бир аялдын видеосу тарады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНаучный центр акушерства, гинекологии и перинатологии им. В.И. Кулакова в Москве
Научный центр акушерства, гинекологии и перинатологии им. В.И. Кулакова в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова окуя бүгүн болгонун тастыктап, териштирилип жатканын айтты.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкектеги №3 балдар ооруканасына кайрылган аялдардын бири дарыгерди жулкулдатып, урушуп жаткан видео тарады.

Аталган видео “Короче” Telegram каналына жүктөлгөн. Кадрдан болжол менен 30 жаштагы аял сөгүнүп-сагынып барып ордунда отурган дарыгерди бир булкуп жибергенин көрүүгө болот. Ал “Түшүндүрүп айтсаң болбойбу?!” деп кыйкырган. Андан соң аны дарыгерлер жайгарып, бир киши сыртка чыгарып кеткен.

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова окуя бүгүн, 21-январда, болгонун тастыктап, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0