Ошто көчөдөн табылган эки жашар кыз энесине кайтарылабы?

© AFP / TED ALJIBEСлучаи вебкам-бизнеса в Маниле
Случаи вебкам-бизнеса в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөктүн төрт жаштагы бир тууган агасы дагы табылып, "Боорукердик" балдар үйүнө жайгаштырылды. Учурда аялды энелик укуктан ажыратуу аракети жүрүп жатат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. 29-декабрь күнү Оштогу көчөлөрдүн биринен табылган эки жаштагы бөбөк тергөө учурунда энесине берилбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Учурда наристе балдар үйүндөгү соцкызматкерлердин көзөмөлүндө. Ал эми энеси кечээ, 20-январда, табылды. Алдын ала маалымат боюнча, ал филармониянын жанында мас болуп жүргөн.

"Аялдын үйү жок жана эч жерде иштебейт. Тергөө аяктаганга чейин наристе энесине берилбейт. Учурда Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген жок", — дешти милициядан.

Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, учурда кыздын апасын энелик укугунан ажыратуу үчүн документтер даярдалып жатат.

Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интернетте бала кулчулукка "сатылып" жатат. Бишкек милициясы иликтей баштады
Ошондой эле милиция аялдын төрт жаштагы баласы да бар экенин аныктап, аны соцкызматкерлерге өткөрүп берген. Маалыматка караганда, кармалган аялдын тааныштары анын уулун балдар үйүнө тапшырышкан. Ал эми балдар үйүнүн өкүлдөрү милицияга кабар берген.

"Аялдын уулун "Боорукердик" балдар үйүнө жайгаштырдык. Карындашы учурда реабилитациялык борбордо жашап жатат", — деди Раева.

Балдардын энеси уулун төрөгөндөн кийин алты ай бою "Эне жана бала" борборунда баш калкалаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0