17:43 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (58)
271 0 0

Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, жеңил автоунаанын айдоочусу уктап кетип, Кара-Балтага Бишкектен бара жаткан маршрутка менен кагышкан.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын ортосундагы жолдо маршрутка менен жеңил унаа кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн кабарлашты.

Кырсык 21-январда болжол менен эртең мененки саат 6:30дар чамасында болгон. Сокулук районунан чыккан Honda Accord Бишкекти көздөй келе жатып, Mercedes Sprinter кичи автобусу менен кагышкан. Экинчи автокөлүктүн Бишкектен Кара-Балтаны көздөй бара жатканы айтылды.

"Үч адам каза таап, кеминде бешөө жарадар болду. Алдын ала берилген маалымат боюнча, Honda Accord автоунаасынын айдоочусу уктап кеткен", — деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө иштери башталды.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (58)

Тема боюнча

Эки адамдын өмүрүн алган айланма жолдогу кырсыктын видеосу
Милиция: түндө Чүйдөгү айланма жолдон эки киши каза болгон
Белгилер:
өлүм, айдоочу, адам, жол кырсык, Кара-Балта, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ