Россиядагы өрттөн өзбекстандык 11 киши каза тапты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүРоссиянын өрт өчүрүү кызматкери. Архив
Россиянын өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыгачтан салынган бир кабаттуу үйдө "Гринвуд" ишканасынын тактай даярдаган он эки жумушчусу баш калкалап, жашап турган.

БИШКЕК, 21-янв. - Sputnik. Өзбекстандын жарандары Томск облусундагы жеке турак үйдөн чыккан өрттөн каза тапкандыгын РИА Новости кабарлады.

Учурда 11 адамдын көз жумганы айтылууда.

"Алдын ала берилген маалыматтарда жыгачтан салынган бир кабаттуу үйдө "Гринвуд" ишканасынын тактай даярдаган 12 жумушчусу баш калкалап, жашап турганы белгилүү болду. Алар Өзбекстандын жарандары болгон", — деп жазылган билдирүдө.

Буга чейин Томск облусундагы Асинов районунун Причулымский айылында тогуз кишинин бир кабаттуу имаратта каза тапканы туурасында кабар түшкөн.

Өрттөн имараттын чатыры урап түшкөн, кырсык 208 чарчы метр жерди камтыган. Аны өчүрүүгө 39 киши тартылып, атайын 14 техника колдонулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0