Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи
Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ведомствонун жетекчилик кызматындагы адамдары камакка алынган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердеги коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку статс-секретары Данияр Бакчиев, төрага орун басары Руслан Сарыбаев жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Тергөө органдары тарабынан аталган кызматкерлер "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамын бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесине («Коррупция») ылайык күнөөлүү деп табылып, жумшартуу  шарттарын эске алуу менен айып пулга жыгылды. Тагыраагы, Руслан Сарыбаев — 270 миң сом, Талант Абдуллаев — 270 миң сом, Данияр Бакчиев  230 миң сом төлөп бермей болду.

Паспорт чыры

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: кармалгандардын экөө үй камагына чыгарылды
2019-жылы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.  Анын алкагында ведомствонун жетекчилик кызматтарындагы жогоруда аты аталган өкүлдөрү камакка алынган

Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында тендерди жеңип чыккан чет өлкөлүк компаниянын Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген адамдарга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0