14:38 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
54201

Шектүү коммуналдык кызматта оператор-компьютерщик болуп эмгектенген. Ал контролёрлордун ишенимине кирип алып элдин акчасын өзүнө ыйгарып алган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Баткенде жарандар коммуналдык кызматка деп төлөгөн акчаны өзүнө ыйгарып алган кыргызстандык жаран Москвадан колго түштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү бир нече жылдан бери документтерди жасалмалоо жолу менен элден түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө салып турган.

"2011-жылдан 2015-жылга чейин коммуналдык кызматта оператор-компьютерщик болуп эмгектенген Г.А. аттуу киши элден акча чогулткан контролёрлордун ишенимине кирип алып топтолгон акчаны алып турган. Ал материалдык пайда көрүү үчүн каражаттын жарымын мамлекетке төлөп, жарымын өзүнө алып, квитанцияга башка сумманы жазып коюп жүргөн. Үч жыл аралыгында ири материалдык чыгым тарттырган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүнү колго түшүрүү үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, натыйжада Баткенде төрөлгөн 1980-жылкы Г.А. Москвадан табылган. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатат.

Тема боюнча

Дайынсыз жоголгон чүйлүк кыз Москвадагы абактан табылды
Оштун экс-мэри Кадырбаевдин инисин токмоктоду деген шектүүлөр кармалды
Белгилер:
уурулук, кылмыш, Москва, Баткен, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ