Милиция: Бишкекте тогуз жаштагы кызды унаа сүзүп кетти

© Sputnik / Евгений БиятовПрохожие на пешеходном переходе в Москве
Прохожие на пешеходном переходе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Lexus LX 470 унаасынын айдоочусу кызды жөө адамдар өтчү жерден сүзгөн. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде окуучу кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасынын колдонуучулары Бишкектеги кичи райондордун биринде кичинекей кызды машина сүзүп кеткендигин жазышкан.

Жол кырсыгы катталгандыгын Кайгуул милиция кызматы тастыктап, окуя №9 кичи райондо болгондугун маалымдады.

"Болжол менен эртең мененки саат 8.15тер чамасында Lexus LX 470 унаасынын айдоочусу №4/1 үйүнүн алдынан 2011-жылкы окуучуну сүзүп кеткен. Аны Тез жардам кызматы шаардык балдар ооруканасына жеткирген", —дешти милициядан.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0