Оштун экс-мэри Кадырбаевдин инисин токмоктоду деген шектүүлөр кармалды

Жазылуу
Колго түшкөндөрдүн биринин жанынан травматикалык тапанча табылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисин сабоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 

© Фото / Зульфия ТургуноваАйтмамат Кадырбаевдин инисин сабоого шектелип кармалгандар
Оштун экс-мэри Кадырбаевдин инисин токмоктоду деген шектүүлөр кармалды - Sputnik Кыргызстан
Айтмамат Кадырбаевдин инисин сабоого шектелип кармалгандар

Эске салсак, 11-январга караган түнү калаанын Түштүк-Чыгыш кичи районунда Улан Раимбеков ур-токмокко алынганы маалым болгон. Аны сабоого кылмыштуу топтун "Казак" каймана аты менен таанымал мүчөсүнүн тиешеси бар-жогу такталып жаткан

"15-январь күнү шектүү катары Өзгөн районунун 34 жаштагы тургуну жана Алай районунун 28 жаштагы жашоочусу Ош шаарынан кармалды. Алардын биринин жанынан травматикалык тапанча табылып, курал далил катары алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — дешти милициядан.

Ооруканага түшкөн жабырлануучунун абалы туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0