"Народный" дүкөнүнөн ок чыгарган киши күнөөсүн моюндады. Видео

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү дүкөнгө беткапчан кирип, абага ок чыгарган. Ал коркутуу жолу менен кассадагы 30 миң сомду алып кеткен.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкекте дүкөндү тоноду делген киши кармалганын ШИИББден билдиришти.

14-январь күнү саат 18:45те милицияга чакыруу түшкөн. Жерине барган укук коргоочулар беткап кийген белгисиз киши Асанбай кичи районундагы "Народный" дүкөнүнө кирип, асманга ок чыгарганын жана кассадагы 30 миң сомду алып кеткенин аныкташкан.

"Кылмышка шектелип 1996-жылкы Э.И. колго түштү. Аны текшерүү учурунда жанынан акча, беткап, курал, кол кап жана эки бычак табылды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0